А.Келдибеков: «Кыргызстан бюджетинин таңсыктыгын жабуу үчүн Түркия 10 млн. доллар гранттык каражат бөлүүдө» |
Бишкек, 27-сентябрь /Кабар/. Түркияда расмий иш сапар менен жүргөн Жогорку Кеңештин Төрагасы Ахматбек Келдибеков Кыргызстан бюджетинин тартыштыгын жабуу максатында 10 млн АКШ доллары көлөмүндө гранттык каражат бөлүп бергендигин билдирди. Бул туурасында парламенттин басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматка караганда бул кабар Түркия Премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушканда белгилүү болду.
Ошону менен бирге, Эрдоган мырза Түркия тарап Кыргызстандын 51 млн доллар карызын биротоло кечкендигин да кабарлаган.
|