TR  |  EN  |  RU
turkey turkey   azerbaijan kazakhstan kyrgyzstan turkmenistan uzbekistan kktc qha TAT BAŞQ
Ana Sayfa
Birlik Hakkında
Üye Haber Ajansları
Bildiri
Başkanın Mesajı
Tüzük
Haberler



Жогорку Кеңеш Төрагасы А.Келдибеков Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Ж.Чичек менен жолугушту



Бишкек, 27-сентябрь /Кабар/.
26-сентябрда Түркияда расмий иш сапары менен жүргөн Жогорку Кеңештин Төрагасы Ахматбек Келдибеков Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Жемил Чичек менен жолугушуп, сүйлөшүү жыйынтыгында эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты арттыруу жөнүндөгү Меморандумга кол коюлду. Бул туурасында парламенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Жамил Чичек мырзанын айтымына караганда, Кыргызстан боордош өлкө болгондуктан, андагы окуялардын жүрүшүнө такай көз салып турат.«Биз Кыргызстандагы коомдук-саясий кайра курумдардын ийгиликтүү жүрүп жаткандыгына кубанып жатабыз. Ошондуктан, баардык жагынан кыргыз туугандарыбызга колдоо көрсөтүүгө даярбыз. Парламенттик башкаруу таризи Түркияда 60 жылдан бери калыптанып калды, биз бөлүшө турган тажрыйба жетиштүү деп ойлойм. Анткени, өлкөдөгү кырдаалдын турукташуусунда парламенттик ролу зор», - дейт ал.

Ошондой эле, Түркия парламентинин спикери Кыргызстандагы Президенттик шайлоонун калыс жана ачык-айкын өтүшүнө тилектеш экендигин билдирди.

Ал эми Ахматбек Келдибеков 2005-жылдагы жана өткөн жылдагы окуялар элдин бийликке карата нааразычылык деңгээлин айкын көрсөтүп койгондугун баса белгиледи.«Кыргызстан чакан өлкө жана анын тез өнүгүшүнө баардык мүмкүнчүлүктөр бар. Жакынкы жылдары ал максатка жете тургандыгыбызга ишенем», - дейт ал.

Ошону менен бирге, Жогорку Кеңеш Төрагасы кыйналып турган учурда жакындан жардам берип келаткан түрк элине өз ыраазычылыгын билдирди. «Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышы азырынча жаш, иштегенине 9 ай гана болду. Биздин Сиздерден ала турган сабагыбыз арбын. Түрк парламентинен келип жаткан мыйзам үлгүлөрү кыргыз парламентинин көңүл сыртында калбайт», - деп кошумчалады ал.
 
  TKA 2008