TR  |  EN  |  RU
turkey turkey   azerbaijan kazakhstan kyrgyzstan turkmenistan uzbekistan kktc qha TAT BAŞQ
Ana Sayfa
Birlik Hakkında
Üye Haber Ajansları
Bildiri
Başkanın Mesajı
Tüzük
Haberler



Kırgızistan
КР Президентинин Аппарат жетекчиси Э. Каптагаев: Апрель Элдик революциянын эң чоң бир жеңиши – ачык саясат жүргүзүү негиздери пайда болду
Бишкек, 5-апрель /Махабат Момуналиева - Кабар/. "7-апрель элдик революциядан соң Кыргызстанда мамлекеттик түзүм өзгөрдү. Бүгүнкү күндө мамлекетте саясый бийлик бөлүнгөн - президент, Жогорку Кеңеш, соттор бийлиги ошондой эле төртүнчү бийлик болуп эсептелген жалпыга маалымдоо каражаттары"-деп айтты "Кабар" агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында КР Президентинин Аппарат жетекчиси Эмилбек Каптагаев.

Ал бүгүнкү күндө, мамлекетте бир да иш жаап жашырылып калбастыгын, көмүскөдө иш жасоого жол берилбей тургандыгын айтты. Бизде баардыгы коомдун таразасында, билбей калат, көрбөй калат, укпай калат деп калпыс иш жасоо мүмкүн эмес", - деп айтты Э.Каптагаев.

КР президент аппаратынын жетекчиси коомдо айкындык, ачыктык пайда болгондугун, коомдо ачык саясат жүргүзүү негиздери түзүлгөндүгүн, бул революциянын эң чоң бир жеңиши экендигин айтты. "Экинчи максаты жеңиш бекемделиши керек, артка кетүүгө мүмкүн эмес, учурда бийлик талашып-тартышкандан башка эч нерсе билбейт, алар эч нерсе кылган жок, бизге башка бийлик керек деп үгүттөп жаткандарды ээрчибеш керек . Иштөөгө убакыт берүү керек, ушул багытта иштесек чыныгы демократияга жетебиз"-деп айтты ал.

 
Кытай-кыргыз-өзбек темир жолу Иранга, Перси булуңуна чыгууга жол ачат
Бишкек, 4-апрель /Эмилбек Момунов – Кабар/. Мурда маалымдалгандай, 30-31- март күндөрү Бишкекте кытай-кыргыз-өзбек темир жол курулушун каржылоо боюнча кыргыз-кытай эксперттик тобунун үчүнчү жыйыны болуп өттү. Иш чарага кыргыз тараптан “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясынын” Башкы директору А. Малабаев жана кытай тараптан Кытай эл аралык подрядчиктер ассоциациясынын вице-президенти Чи Чангхай төрагалык кылышты.

Эл аралык маанидеги бул темир жолдун сунуш кылынган багыты Кытайдан башталып, андан соң биздин аймакка Торугарт чек арасынан туннел аркылуу өтөт. Андан соң Чатыр-Көл, Арпа аркылуу Фергана тоо кыркасынан уланып, 14 километр туннелден Өзгөн районунун аймагына чыгат.

Аталган темир жолдун курулушу республикабызга бирдиктүү дүйнөлүк транспорт тутумуна кирүүгө жана мамлекеттер менен континенттер аркылуу тоскоолдуксуз транзиттик жүк ташууга мүмкүнчүлүк жаратат. Геосаясый деңгээлде бул жаңы Евроазиялык темир жол көпүрөсү бир нече ондогон мамлекеттердин экономикалык кызыкчылыгына жооп берет. Натыйжада Кытайдан бул магистралдан Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан аркылуу Иранга жана Перс булуңунун портторуна, Жакынкы Чыгышка, Түркияга, Түштүк Европага жана Түндүк Америкага жол ачылат. Ал эми Казакстан аркылуу Каспий деңизиндеги Актоо портуна чыгууга болот. Ал жактан Россия аркылуу Европага же Перс булуңуна жол ачылат. Башка багыт менен же Кытайдын түштүгүнөн же чыгышынан Тынч окендын жээгиндеги баардык порттор менен байланыш түзүлөт.

Жыйындын жүрүшүндө эки мамлекеттин эксперттери долбоорду каржылоонун мүмкүн болуучу варианттарын да талкуулашты. Анын ичинде “ресурстарды инвестицияга алмаштыруу”, узак мөөнөттүү кредит, концессиялык макулдашуу сунуштары бар. Ар бир вариант боюнча тараптар өздөрүнүн сунуштарын айтышып, артыкчылыктарын жана кемчиликтери тууралуу сөз болду.

Жыйынтыгында тараптар каржылоонун бир эле модели менен чектелбей, ыңгайлуу варианттарды мындан ары да талкуулоо чечимин кабыл алышты.

Кийинки сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки мамлекеттердин өкмөттөрүнө бүтүндөй Борбор Азия чөлкөмү үчүн өтө маанилүү ири масштабдуу долбоорду тезирээк ишке ашыруу боюнча сунуш берилет.

 
Бишкекте 2-апрелде “Түрк музыкасынын кечеси” концерти болот
Бишкек, 1-апрель /Эмилбек Момунов - Кабар/. Эртең, 2-апрелде Бишкектеги Т. Сатылганов атындагы улуттук филармониянын чоң концерттик залында Түркиядан келген музыканттардын катышуусунда "Түрк музыкасынын кечеси" аталышындагы чоң концерт болот. Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин алдындагы Маданият жана маалымат иштери боюнча өкүлчүлүгүнүн уюштуруусунда Түркиядан композитор, дирижер жана аранжировщик, түрк эл музыкасын изилдөөчү-новатор Муса Гочмен башында турган бул концерттке беш ырчы келген.

"Кабар" агенттигинде өткөрүлгөн маалымат жыйынында Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин аталган өкүлчүлүгүнүн башчысы Нафиз Шахин республикабыздын эгемендүүлүгүн алгач тааныган Түркия республикасы тектеш кыргыз-түрк элдеринин карым-катнашынын келечеги маданият тармагында экендигин да белгиледи. Бирок бул багытта пландаштырылган бир топ иш чаралар өткөн жылы өлкөбүздөгү саясый окуяларга байланыштуу убактылуу токтотулуп, мына азыр гана алгачкы долбоор ишке ашып отурат.

Түркиялык ырчылардын концерти болгону бир күнгө белгиленген. Анда түрк элинин фольклордук, классикалык чыгармалары гана эмес, "Ысык-Көл", "Эсимде" аттуу кыргыз ырларын да түрк ырчылары аткарышат.

Белгилей кетүүчү жагдай, жалаң эркек ырчылардан турган түрк өнөрпоздору Кыргызстанга алгачкы ирет келишүүдө. Алардын бири Жумхур Кожа мырза "Биз түпкү мекенибиз болгон Ала-Тоого алгач келип отурабыз. Себеби бир кезде ата-бабаларыбыз ушул аймактан Акдеңиздин жээгине чейин барып, ошол жерди мекендеп калышкан экен. Албетте, көптөгөн өлкөлөрдү кыдырып чыктым, бирок Кыргызстан мен үчүн ыйык да, жакын да болуп саналат. Адам баласынын турмушунда музыканын ролу баа жеткис. Андыктан түбү бир кыргыз-түрк элдеринин байланышын чыңдоо үчүн биз музыка жаатында да тыгыз кызматташтыкта болушубуз керек",- деди.(Фотосу - Т. Досалиевдики).

 
«Кызыл-Кыяк» чек ара бекетинде өзбекстандык чек арачы мас болуп алып кыргыздарды кемсинткен
Бишкек, 28-март/Мамажан Бердишев, Эмилбек Момунов - Кабар/. 21-март күнү саат 21.00 чамасында Баткен облусунун аймагындагы Сох анклавында Өзбекстандын «Кызыл-Кыяк» чек ара бекетинде өзбекстандык чек арачы ал аймактан өтүп жаткан кыргызстандык жарандарды ар кандай кемсинткен сөздөрдү айтып мазактаган. Анын мындай жоругу эки саатка чейин созулуп, аз жерден улуттар аралык жаңжалга айланып кете жаздаган.

Ошол учурда Баткен облусунун губернаторунун орун басары С. Эратов жумуштан кайтып келе жатып, өзү да бул окуяга күбө болгон. Бирок анын кызуу абалдагы бажычыны эсине келтирүү аракетинен майнап чыкмак турсун, кайра күчөткөн. Ошондуктан С. Эратов Өзбекстандын чек ара кызматынын начальниги М. Мирзоевге телефон чалгандан кийин гана тигил эргул эсине келип, кечирим суроого мажбур болгон.

Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын маалымат кызматынын билдирүүсү боюнча, "Кызыл-Кыяк" чек ара бекетиндеги терс көрүнүштөр көп кайталангандыктан, облустук бийликтин демилгеси менен эки мамлекеттин бийлик өкүлдөрү жакында чек арачылардын чектен чыккан жоругуна жол бербөө үчүн жолугушмакчы.

 
Казакстанда кыргыз журналисти Геннадий Павлюктун өлүмүнө байланыштуу иш тергелип бүттү

Бишкек, 24-март /Нияз Куламбаев – Кабар /. Кыргыз журналисти Геннадий Павлюктун өлүмүнө байланыштуу иш тергелип бүттү. Бул тууралуу атайын уюшулган брифингде Казак Республикасынын ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Куанышбек Жуманов маалымдады.

“Учурда кыргыз журналисти Геннадий Павлюктун өлүмүнө байланыштуу иш тергелип бүттү. 25-марттан баштап бул иш боюнча айыпталган бир казакстандык, бир кыргызстандык жаран чыгарылган өкүм менен тааныша баштайт”,- деди К. Жуманов.

Ал тергөө иштеринин натыйжасында шектүү деп кармалган адамдар интернет беттериндеги өз ара сүйлөшүүлөр аркылуу журналистти Алмата шаарына алдап чакырышкандыгын эскертип өттү. Аны атайын брондолгон мейманканага жайгаштырышкан соң, алдап Фурманов көчөсүндөгү бир үйгө алып келишип, андан кыйноо жолу менен материалдык байлыктарды талап кылып башташкан. Бирок, каалаган максаттарына жетишпегенден кийин, үйдүн терезесинен ыргытып жиберишкен.

Мурда маалымдалгандай, Геннадий Павлюк Алма-Атага иш-сапар менен барып, Фурманов көчөсүндөгү үйдүн алтынчы кабатынан кулап кетип, тили-оозу жок абалда ооруканага жеткирилген да, өзүнө келбей каза болгон.

Буга чейин, Г. Павлюктун жактоочусу Акмат Алагушев, тергөөчүлөрдүн тыянагы боюнча саясий буйрук болгону тууралуу эч нерсе айтылбаганын кабарлаган эле. Ал эми кыргыз журналистинин жакын чөйрөсү анын өлүмүнө саясий маани берип келишкени белгилүү. “Өзүлөрүнүн көзү жетип турса да, тергөөчүлөрдүн бул иш боюнча бир гана божомолду – материалдык кызыкчылыктарды бетке кармаганына нааразыбыз. Өлтүргөн адамдарды эле эмес, ага буйрук бергендерди (бул азыр баардыгына маалым) да кылмыш жообуна тартуу башкы маселе эле”,- деп билдирген Павлюктун жесири Ольга Колосова.

Бул кылмыш иши боюнча шектүү делип Кыргызстандын атайын кызматынын мурунку кызматкери Алдаяр Исманкулов жана Казахстандын жараны Шалкар Оразалин кармалышкан. Аларга алты эпизод боюнча, анын ичинде топ адамдар тарабынан, алдын ала сүйлөшүүлөр жана күч колдонуу менен, жеке кызыкчылыктарды көздөп адам уурдоо, опузалоо, өтө таш боордук менен адам өлтүрүүнүн белгилери боюнча күнөөлөр тагылган.

Кыргызстанда Г. Павлюк “Ибрагим Рустамбек” аты менен белгилүү болгон. “Аргументы и факты”, “Белый пароход”, “Комсомольская правда в Кыргызстане” гезиттерин жетектеп келген. Өлүмүнө бир нече жума калганда “Ата Мекен” партиясынын интернет-барагын чыгарууну пландаштырып баштаган эле.

 
<< Başlat < Önceki 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 Sonraki > Son >>

Sayfa 5 > 28
  TKA 2008