Бишкек 25-ноябрь (КАБАР) “Кыргызстан Тажик Республикасы жана Өзбек Республикасы менен чектешип тургандыктан, чөлкөмдөгү геосаясый абалы Кыргызстандын башка аймактарынан Баткен облусун кескин түрдө өзгөчөлөнтүп турат. Бул абал облусубуздун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана элибиздин күндөлүк жашоосуна өз кедергесин тийгизбей койбойт”-дейт Баткен областынын губернатору Маратбек Жумабеков “Кыргыз Туусу” гезитине берген интервьюсунда..
-Чегара маселеси бекеттердин өтүүдө гана эмес, чарбалык иштерди жүргүзүүдө да кедергесин тийгизип келген. Чегара аймактарында калктын саны өсүп жаңы конуштар пайда болууда. Мындан улам элдин жерге, сууга болгон муктаждыгы да улам жогорулоодо. Бул маселелер Кыргызстан элине жаңылык эмес. Мындагы проблемалар бүгүн гана чыга калган жок, бул тээ Союздун мезгилинен бери 20-30 жылдап топтолгон маселелер. Баткен облусу Тажикстан Республикасынын Согди облусунун 9 району, Өзбек Республикасынын Фергана облусунун 6 району менен чектешет-дейт губернатор..
Кыргыз Республикасы, анын ичинен Баткен облусу менен өзбек Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чегараны делимитациялоо жумуштарынын кечеңдеп жатышынын негизги себептери болуп, мурда эки мамлекеттин ортосунда мамлекеттик чегараларды иликтеп, тактап чыккан паритеттик комиссиялардын түзгөн материалдарынын мыйзам ченемдүү эки тараптан тең акырына чейин тийиштүү инстанцияларда ратификация болбогондугу эсептелгендигин айтат.
Эки мамлекеттин ортосундагы чегараны тастыктай турган юридикалык күчкө ээ болгон материалдардын жоктугу көп талаш-тартыштарды пайда кылууда. Баткен облусу менен Тажик Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чегаранын жалпы узундугу 673,7 км ди түзөт. Бүгүнкү мезгилге чейин мамлекеттик чегараны делимитациялоо боюнча мамлекеттер аралык комиссиялар 19 жолу жолугушуп, жыйынтыгында 673,7 км чегаранын тоо кыркалары аркылуу өтүүчү 237 километри эки тараптуу макулдашылып, жазылып бүттү, же 35,2% түзөт. Такталып бүтө элек аралык 436,7 километрди түзөт жана бул аймактар негизинен интенсивдүү дыйканчылык жүргүзүлүп жаткан эки эл жыш жайгашкан аймактар болуп саналат. Чегара линиялары жарандарыбыздын үй салган участогун бөлүп өткөн учурлар да жок эмес.
Областтын губернатору ашар жолу менен бүткөрүлгөн жол туурасында кеп кылды.Мурда беш сааттык жол эки саатка кыскарды. «Жолу оңолгондун иши оңолот» - демекчи Пүлгөн-Бүргөндү-Баткен айланма жолун реабилитациялоо
боюнча элдик демилге менен башталган ашар жолун өлкө башчысы Курманбек Салиевич өзү колдоп келди. Натыйжада, биринчи этабына өкмөттөн 100 миллион сом бөлүнүп, узундугу 100 километр жолдогу тоо таштарды жардырып тегиздеп, шагыл төшөлүп, полотносун түптөө толук аяктаган. Мунун натыйжасында Бишкектен автоунаа менен ташылып келген жүктүн көлөмү өстү, ыңгайлуу шарттын түзүлүшү өнөр-жай, курулуш, эл керектөөчү жана азык-түлүк товарларынын арзандашына таасирин тийгизди.
Бизге келген инвестициянын көлөмү эки-үч эсе өстү. Демек, жолдун жакшырышы облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, элдин турмуш шартынын жакшырышына түздөн-түз таасир эте алды. Азыркы учурда аталган жолго мамлекеттик бюджеттен быйылкы жылга 100 миллион сом акча бөлүнүп жол, транспорт, курулуш жана коммуникация министрлиги тарабынан алгачкы 10 километрине асфальт төшөлүүдө. Ошондой эле, айланма жолдун Сох дарыясынан өткөн Зарташ айылына жакын жерде сметалык баасы 68 миллион сомдук, стратегиялык жактан маанилүү жаңы чоң көпүрөнүн курулушу бүткөрүлүп, Премьер-министр Игорь Витальевич келип көрүп, ыраазы болуп кетти. Көтөрүмдүүлүгү 80 тонналык көпүрө учурда пайдаланууга берилип, элдин кызматында.
Ал эми Тажикстандын Сурх, Чорку айылдарын айланып өтүүчү узундугу 24 километр жолдун курулушу жүрүүдө. Бул жол курулушу да сапаты жагынан да дүйнөлүк деңгээлден кем калбаган болот. Аталган участокто жумуштун көпчүлүк бөлүгү бүткөрүлдү. Натыйжада Лейлек району, Сүлүктү шаарынын калкы Бишкекке өзүбүздүн эгемен жолубуз аркылуу каттай баштады. Жакыңкы эле күндөрдө Дүйнөлүк банктын, Европанын өнүктүрүү жана реконструкциялоо Банкынын өкүлдөрү облусубузда болуп, Ош-Баткен-Исфана жолунун курулушу боюнча жеринде таанышып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп кетишти. Буюрса, келерки жылдан баштап Оштон Исфанага чейинки дүйнөлүк стандарттагы, сапаттуу жолдун курулушунун башталышы боюнча келишимге кол коюучу күн да алыс эмес-дейт областтын губернатору М.Жумабеков.